Катуу Жаза

By Tamara Kula

Translated by Рахат Ботобекова

Алекс мектептен уйго мойнунан байлаган иттей басып келе жатты. Ал апасынын акылдан адашып кетчудой абалга келээрин билип келе жатты. Алекс куткондой эле апасы эшиктин алдында кутуп турган экен.

«Кана?»-деди апасы.-«Математика сынагын кандай тапшырдын?»

Алекс ушкурунуп, баштыгынан сынак кагазын алып чыкты.

«Ой, Алекс!»-деп кыйкырды апасы.-«Сага канча жолу айтам кобуроок оку деп! Мен сени жазалашым керек экен.»

Алекс кунгуронуп алды. «Бирок апаке!»-деп ага кокусунан бир ой келди.-«Макул, сиз мени жазаланыз, бирок машина жуудурбанызчы. Бир жолу атакеме жардам бергем, ошондон кийин жек кором!»

Апасы жылмайды да,-«Демек, сен машина жууганды жаман коросун. Ошондуктан сен эн жакшы жаза ошол болот деп ойлойм.»

Алекс бетин чуйруйтту. Бирок ал жылмайып жаткан болчу. Апасы аны жактырды! Кандай жакшы жаза!

Бир аз отпой Алекс шланга менен чачыратып машина жууп кирди. Ага машина жууган жакчу. «Мен чонойгондо озумун машинам болот, мен анны ар куну жууйм!» - деп ал озунчо ойлонду.

Ошол учурда досу Жимми отуп бараткан. «Охо!»-деп кыйкырды Жимми,-«Сенин ата-энен машинаны жалгыз озун жууганга уруксат бердиби? Сага ийгилик жылмайыптыр!»

Алекс жылмайып, кайрадан машинаны самын менен жышып кирди. Ошол кезде мектептен келе жаткан эки кыз отуп бараткан. «Салам, Алекс!»-деди Сузан. «Сен машина жууп жатасынбы? Бул абдан сонун!»-деди Менди.

Алекстин апасы ачык терезеден баласынын кандай иштеп жатканын карап коюуну чечти. «Кызык…», деп ойлоду озунчо. Алекс иштеп жатып достору менен баарлашып, кулуп жаткан болчу. «Ал бул жумуштан ырахат алып жатат! Жок дегенде жашырган да жок!» Апасы Алекстин алдап койгонун билди жана кулуп баштады.

Кийинки жумада Алекс башка математика сынагынан да жаман баа алып келди. «Мен кайрадан машина жууймбу, апа?»-деп сурады.

«Бир аз куто тур!»-деп жооп берди апасы. «Бул жолу башкача жаза аласын. Эми сен математика сынагынан 100 балл алмайынча эч качан машина жуубайсын.»

Алекстин оозунан созу тушуп,эси ооп туруп калды.

Back to the Story Translation Project

Facebook Twitter email

Starting Off

Fun Extras

More Info

Teachers' Lounge

"You live a new life for every new language you speak."

- Czech Proverb

Do you want to help translate these stories into other languages? Visit our Story Translation Project