Туздай Таттуу

By Tamara Kula

Translated by Рахат Ботобекова

«Жардам берсем болобу? Суранам, суранам, суранам!» Мен улуу байкем Стивден сурандым. Стив мага эртен Апрель Тамаша Кунун достору менен чогуу тосоорун айтты, а мен жардам бергим келип олуп бараттым.

«Кичи пейилдикке?» мен кайра сурандым. «Мен торт жасай алам. Мен абдан даамдуу торт жасайм!»

«Макул, сен торт жаса»-деди Стив.

Мен жымыйдым. Менде Апрель тамашасына абдан жакшы ой бар эле! Кийинки куну эртен менен мен керебеттен ыргып тушуп, ашканага торт бышыруу учун чуркадым. Суу, жумурткалар,ун,ванилла-баарын чогуу аралаштырдым. Рецепте бир чыны шекер кошулуусу керек эле. Мен шкафтан туз салынган идишти алып озумчо кыткылыктадым. Бир чыны тузду торт жасап жаткан идишиме салдым. «Бул абдан жаман даам болот»-деп мен озумчо кулдум.

Тортту духовкага салдым. Ал бышып жаткан убакта, мен озумо кичинекей торт жасадым. Албетте, мен озумун тортума шекер коштум!

Ошол куну кечинде Стивге короону жасалгалашып, стол жана отургучтарды коюштум. Стивдин баардык достору келгенде, биз тамактарды алып келе баштадык.

«Тортун абдан жакшы корунуп жатат!»-деп Стив мага айтты-«Мен абдан жегим келип жатат.» «Рахмат»-деп мен сылык жылмайдым.

Бир аз отпой, элдин баары торт жей башташты. Тан калычтуусу, Стивдин баардык достору ага ыраазычылык билдирип жатышты! Мумкун алар байкемди уялткысы келишпеди.

«Бул абдан жакшы торт,Стив»-деди бир кыз. «Муну менин кичинекей карындашым жасады»-деди Стив.

Мен абдан тушунуксуз абалда калдым. Мен столго отуруп, озумун тортуман чон тиштедим.

«Фу!!» Мен аны тезинен тукуруп таштадым. Мен абдан жаман даам сездим. Ал туз даамданат… Мен кокусунан Стивдин абдан кулуп жатканын угуп калдым.

«Эмне!»-мен маанайым тушуп сурадым.

«Мен туз менен шекерди алмаштырып койгон элем!» -деп ал-«Шекер туздун идишинде, туз шекердин идишинде! Апрелин менен!

Ал куло берди, куло берди. Бирок мен бул абдан кулкулуу болду деп ойлобойм.

Back to the Story Translation Project

Facebook Twitter email

Starting Off

Fun Extras

More Info

Teachers' Lounge

"You live a new life for every new language you speak."

- Czech Proverb

Do you want to help translate these stories into other languages? Visit our Story Translation Project