Кичинекей Кызыл Топучан Kыз

Version by Tamara Kula

Translated by Рахат Ботобекова

Пенни ак конул, жаш кыз болчу. Ал дайыма кызыл топусу бар пальто кийип журчу. Ошондуктан аны ата-энеси «Кызыл топучан кичинекей кыз » деп аташчу. Пенни ата-энеси менен коркунучтуу, карангы токойдун жанында жашачу.

Бир куну ал токойдун аркы тарабында жашаган чон энесине барып келууну чечти. Пенни чон энесине бир себет жер-жемиш жана нан алып алды, себеби чон энеси кары жана ооруулуу болчу. Пенни ата-энеси менен коштошуп, токойду аралап жолго чыкты.

Кокустан ал чон, туру суук карышкырды корду. Карышкыр ачка болчу жана Пеннини жегиси келди. Карышкыр Пенниге жылмайып, мындай деди: - «Кайда баратасын, кичинекей кыз»?

Пенни абдан сылык болчу, ал мындай деп жооп берди:-«Мен токойдун ары жагында жашаган чон энемди коргону баратам. Ал бул жерден алыс эмес.»

Карышкыр куу болчу. Ал Пенни менен коштошуп, чон эненин уйун коздой жоноду. Ал жерден карышкыр карыган чон энени жеп койду. Андан сон ал чон эненин кийимдерин кийип, чон эненин жумшак, жылуу керебетине жатып алды. Ал ошентип Пеннини кутуп жатты.

Бир аздан сон Пенни чон энесинин уйуно жетип келди. Ал эшикти тыкылдатканда, чоочун ун «Киргин» деди.

Пенни ичкери кирип, керебеттеги карышкырга карады. Пенни абдан тан калды, себеби чон энеси абдан башкача корунду.

«Чон эне»-деди Пенни-«Эмнеге сиздин коздорунуз чон?»

«Сени жакшыраак коруш учун, кымбатым.»-деди карышкыр.

«Чон эне, кулактарыныз эмнеге чон?»-деди Пенни.

«Сени жакшыраак угуу учун»-деп жооп берди карышкыр.

«Бирок чон эне, тиштериниз мынча чон»-деп кыйкырды Пенни.

Карышкыр керебеттен секирип тушуп Пенниге ырылдады: - «Сени жакшыраак жеш учун»-деп Пеннини себети менен жеп салды. Ал абдан ач коз карышкыр эле.

Бактыга жараша чон эненин уйунун жанында мергенчи жургон, ал Пеннини кыйкырганын угуп уйго чуркап кирди да абдан семиз карышкырды корду. Мергенчи карышкырды тезинен жарып салды. Ичинен чон эне жана Пенни ыргып чыгышты. Алар тиру эле.

Алар ошентип бактылуу жашап калышты.

Back to the Story Translation Project

Facebook Twitter email

Starting Off

Fun Extras

More Info

Teachers' Lounge

"You live a new life for every new language you speak."

- Czech Proverb

Do you want to help translate these stories into other languages? Visit our Story Translation Project