Качыр кантип темгил болуп калган

By Tamara Kula

Translated by Рахат Ботобекова

Илгери, илгери откон заманда, Жер шары жаш кезинде баардык жаныбарлар бирдей тусто болчу экен. Кытан боз болчу, арстан да боз болчу, коён дагы, бака жана кополок дагы боз ондо болчу. Албетте, пил дагы боз болчу, ошондой эле жылан,балык жана тоту куш дагы. Ал кезде дуйно азыркы дуйного караганда кызыксыз болчу.

Ошентип бир куну узун ак сакалдуу абдан кары киши пайда болот. Ал колуна кун желесинин туркун тустору бар тактайча кармап алган. Экинчи колуна боёгуч таяк кармап алган эле. Ал озун «Боёкчу» деп атап алган.Ал жаныбарларга алар каалаган туско бойой алаарын айтат.

Кытан биринчи болуп кезекке турат. «Кичи пейилдикке, мени мала кызыл онго бойонузчу» деп отунот жана Боёкчу аны мала онго боёйт. Андан кийин бака толкундануу менен боёкчунун алдына секирип келип, «Мен жашыл боло аламбы? Мен дайыма жашыл болгум келчу»-деди. Анан Боёкчу аны сонун жашыл онго, жаздагы дарактай жашыл онго боёду.

Ошентип, баардык жаныбарлар Боёкчуга жакындай башташты-пилден башкасынын баары, себеби ал боз боюнча калууну эп корду. Боёкчу арстанды жылтылдаган алтын туско, кополокту шандуу сарыга жана тоту кушту жаркыраган сыя туско боёду. Дуйно ар турдуу туско болонуп калды.

Кун сайын коптогон жаныбарлар сырдуу боёкчу тууралуу угуп, ага каалаган тусуно боёнуу учун келип жатышты.

Бир куну качыр Боёкчуну коруу учун келет. «Мен кара болгум келет»-дейт ал Боёкчуга. Анын боёк таягы качырдын терисине тиери менен, качыр кыйкырат: «Коё турунуз! Мен оюмду озгорттум. Мен ак болгум келет! Булуттай ак!»

Боёкчу башын ийкеп, качырды ак туско боёйт. Качыр ыраазы болот.

Бирок кийинки куну качыр кайра келет. «Кечирим сурайм, Боёкчу мырза, Мен оюмду кайрадан озгорттум. Мен эми кара болгум келет.»-дейт.

Боёкчу ушкурунуп, качырдын каалоосун ишке ашырат. Качыр озунун тундой кара тери онуно абдан ыраазы болот.

Бирок кийинки куну качыр кайрадан келет! «Эмне учун? Сен кара болгун келбейби?»-деп сурайт Боёкчу. «Эми-и-и, негизинен жок»,-дейт уялынкы качыр-«Мен ак болгон жакшыраак деп ойлойм. Мени кайрадан боёй аласызбы?»

Боёкчу сабыры тугонуп-«Мен сени боёйм, бирок бул акыркы жолу»-дейт. Анан ал качырды ак туско боёйт.

«Ой, рахмат»-деп кыйкырат качыр-«Мына менин каалаганым.»

Бирок кийинки куну билесинерби ким келди? Албетте, качыр! Боёкчу чарчаган болчу. «Сен оз оюнду кайрадан озгорттунбу??»-деп сурайт.

«Ооба, бирок бул жолу мен анык кара болгум келет»,-деп качыр тезинен жооп кайтарат.

Боёкчу качырдын кандай тусто болгону келгенин качырга караганда жакшыраак билди. Качыр эч качан бир ойго токтобосун да билди. Ошондуктан ал качырды ак жана кара темгилге боёду жана качыр эч качан оюн озгортпой калды.

Back to the Story Translation Project

Facebook Twitter email

Starting Off

Fun Extras

More Info

Teachers' Lounge

"You live a new life for every new language you speak."

- Czech Proverb

Do you want to help translate these stories into other languages? Visit our Story Translation Project